​БУУ эки тарапты сүйлөшүүгө, кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды

  • 3 года мурун

28 – апрель башталып, 29-апрелде куралдуу кагылышууга өткөн кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу кармаш боюнча Бириккен улуттар уюму билдирүү жасады.


«Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга БУУ тынчсыздануу менен көз салууда жана курч абал түзүлгөн аймакта ок атышууну токтотууну колдойт.

Ошондой эле БУУ эки тарапты кырдаалды тынчтык сүйлөшүү жолу менен чечүүгө чакырат», — деп айтылат БУУнун кайрылуусунда.

Кыргыз-тажик чек ара чатагы 28-апрель күнү тажик тарап Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына өз алдынча видео көзөмөл камераларын орнотуп баштагандан чыккан. Кыргызстандын чек ара кызматынын жана жергиликтүү тургандарынын камераларды алып салуу тууралуу талабына тажик тараптан терс жооп болуп, натыйжада кыргыз жана тажик жарандарынын кайым айтышуусу бири – бирин таш менен ургулоого өткөн.

29 –апрелде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Кыргызстандын 134 жараны жабыркап, 13 адамдын өмүрү кыйылды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты