​Лейлекте да атышуу башталды

  • 3 года мурун

Баткен облусунун Лейлек районунда да кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталды.


29-апрелде саат 18:50дө өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, атышуу Кулунду жана Максат айылдарында жүрүп жатат.

Кыргыз – тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал кечээ, 28 –апрель күнү түшкө жуук башталган. Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштаганда кыргыз чек арачылары токтотуп, ошондон чатак ырбаган.

28 — апрелде башталган кыргыз-тажик чек арасындагы чатак ырбап отуруп, бүгүн куралдуу кармашка өткөн. Кыргыз-тажик чек ара чатагынан 17 адам жабыркап, 1 адам кайтыш болду.

Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын куралдуу күчтөрү минамёт, замбирек, автоматтар менен кыргыз тарапка ок чыгарып жатканын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты