​Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын (НДПК) өтүнүчүн сот канааттандырган жок

  • 3 года мурун

Бүгүн 29 – апрелде Бишкек шаардык административдик соту НДПК партиясын шайлоодон чететтүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимдери туура деген бүтүмгө келди.


Соттун бул чечимине да нааразы болгон НДПК партиясынын өкүлдөрү Жогорку сотко арызданмай болушту.

11-апрелдеги шаардык кеңешке болгон шайлоодо НДПК партиясы тарабынан добуш сатып алуу аракеттери аныкталган. Дал ошого негиздеп, 19 – апрелде Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы бул партияны шайлоодон четтеткен. 23 – апрелде Бишкек АШКсынын бул чечимин Боршайком да туура деген бүтүмгө келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты