​Садыр Жапаров: «Чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам»

  • 3 года мурун

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча Президент Садыр Жапаров жалпы элге кайрылуу жасады.

Анда:

«Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.
Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.
Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат.
Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам» — деп айтылган.

Фото С. Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты