УКМК: Тажикстандын күч түзүмдөрү жөнөкөй элин кандуу аракеттерге түртүүдө

  • 3 года мурун

Кыргызстандын Чек ара кызматы «Тарыхий фактыларды атайылап бурмалоо менен Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматы жөнөкөй элин кандуу аракеттерге түртүп, кырдаалды тынч жол менен чечүүгө жараксыз экенин далилдешүүдө. Жөнөкөй жарандар ар кандай жаракат ала турган болсо,чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чара көрүүдөн качып жаткан Тажикстандын УКМК кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилигинде болот» — деген билдирүү таратты.

Буга чейин Тажикстандын УКМК кызматы «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы Тажикстанга карай тургандыгын, Кыргызстандын эч кандай тиешеси жок экенин жарыялаган.

Бирок тарыхый документтерде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы толугу менен Кыргызстандыкы экени далилденип турат.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты