​Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы дүйнөдөн өттү

  • 3 года мурун

Саясатчы Өмүрбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева 90 жашында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңеши билдирди.

-Тилла Текебаева жакында 90го чыкмак. Апа көптөн бери ооруп жаткан.

“Ата Мекен” партиясынын жалпы мүчөлөрүнүн атынан партия төрагасы Өмүрбек Текебаевге жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгыларын тең бөлүшөбүз.

Тилла апанын арты кайырлуу, ыйманы саламат болсун! Жараткан бейишинен орун берип, калган өмүр-жашын балдарына, небере-чөбөрөлөрүнө берсин,-деп билдирди партиянын саясий кеңеши.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 30-апрель Акман айылында өтөрү айтылды.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

«ПолитКлиника» медиасынын жамааты саясатчы Өмүрбек Текебаевга апасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты