​Өмүрбек Суваналиев: «Согди облус башчысынын «видеокамераны алып кой» — деген тапшырмасын кол алдындагы чиновниги аткаруудан баш тартып, чыр ошондон чыкты»

  • 3 года мурун

28-апрелде башталган кыргыз-тажик чек ара чырында ким чагымчылык кылганын Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев «Би-Би-Си» кыргыз кызматына берген маегинде айткан.


«Эки делегация 28 – апрелде нейтралдуу тилкеде жолукканбыз. Бүт маселелердин баары ошол жерден толугу менен чечилген. Андан кийин биз ар бирине тапшырмаларды, көрсөтмөлөрдү берип жөнөткөнбүз. Ошол жерде бир маселени Тажикстандан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода өзүнүн мэрине дайындаган. Ал «жанагы видеокамераны алып кой» деп тапшырма берген. Аймактык милициянын начальнигин, атайын кызматтын аймактык начальнигин жана чек ара кызматынан кошуп жиберген. Анан суу тосмого келгенде эле аларды укпай, албайм деп калды. Анан ошондон чыр-чатак чыгып кетпедиби. Бул чагымчылдыкты жасады деген тыянакка келдик. Анткени өз жетекчисин укпайт деген болбогон нерсе. Бирок биз баарын сүйлөшүп алганбыз. Аларда мындай конфликт кырдаал чыгышына эч кандай ниет жок болчу. Азыр эки тарап тең өз деңгээлинде иштеп жатат», — дейт Баткендин башчысы

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты