​Кыргыз-тажик чек ара чатагы: Эки облус башчысы сүйлөшүү жүргүзүүдө, 3 айыл аймагында «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди

  • 3 года мурун

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Чек ара тилкелерине чогулган эки тараптын тең жарандары тарай элек. Ак – Сай, Ак – Татыр, Самаркандек айыл аймактарында «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Эске сала кетсек, кыргыз – тажик чек арасындагы жаңжал 28 — апрель күнү түшкө жуук башталган. Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштаганда кыргыз чек арачылары токтотуп калышкан. Эки тараптан эл чогулуп, бири-бирине таш ыргытышкан.

Бүгүн да абал тынчыбай, 29 – апрель күнү таңга жуук, саат 5терде Тажикстан тараптан ок атылып, кыргыз унааларына таш ыргытылган. Кыргызстандык 30 жаштагы бир жарандын көзүнө ок тийип, аймактык бейтапканага жаткырылган.

Фото «Азаттыктан» алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты