Кыргыз-тажик чек ара чыры: Тажикстандын чек ара мекемелеринин жетекчилери кыргыз тараптын телефон чалууларына жооп бербей жатат

  • 3 года мурун

Кыргыз – тажик чек арасында кечээ түштө башталган жаңжал тынчый элек. Баткен облусунун Көчө — Бою деген жеринде да кырдаал курч болуп турат.


Тажик жарандары кыргызстандыктардын үйлөрүн таш менен ургулоодо. Тажикстандын чек ара мекемелеринин башчылары менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Телефон чалууларга алардан жооп болгон жок – дейт УКМКнын маалымат кызматы.

Эске сала кетсек, кыргыз – тажик чек арасындагы кезектеги жаңжал кечээ, 28 –апрель күнү түшкө жуук башталган. Тажикстан жарандары «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанындагы электр мамыларына видео көзөмөл камераларын орнотуп баштаганда кыргыз чек арачылары токтотуп калышкан.

Кечке маал эки тараптын жарандары бири – бирине таш ыргытышкан.

Бүгүн да абал тынчыбай таңга жуук, саат 5терде Тажикстан тараптан ок атылып, кыргыз унааларына таш ыргытылган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты