​Улуу Жеңиштин урматына ардагерлерге 70 миң сомдон берилет

  • 3 года мурун

9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата Президент Садыр Жапаров Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлерине 70 миң сомдон бир жолку колдоо көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду.


Учурда Кыргызстанда согуштун 146 ардагери бар.

Мындан тышкары 23 — апрель күнү Улуу Жеңиш майрамынын урматына ардагерлерге бир жолку жөлөк пул берүү тууралуу токтомго премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Ага ылайык:

Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери, майыптары, Ленинград блокадасынын катышуучуларына – 20 миң сомдон;

Улуу Ата-Мекендик согушта кайтыш болгон ардагерлердин жесирлерине, согуш маалында адилетсиз эмгек лагерлериндеги сүргүнгө барып келгендерге, тылдагы күжүрмөн эмгеги үчүн орден, медалдар менен сыйлангандарга – 15 миң сомдон бир жолку жөлөк пул төлөнүп берилет.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты