​Өкмөттүн кенебестигинен 50 миллион доллар гранттан куру калабыз

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков өкмөт БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму бере турган 50 миллион доллар грантты албай, Кыргызстанды ири суммадагы бекер акчадан куру жалак калтырганы турат деп сынга алды.


Аталган уюм Кыргызстандын айыл-чарбасын, энергетикасын колдоого жана айлана-чөйрөнү коргоого деп 50 млн доллар грант берүү чечимин 2020-жылы кабыл алган.

Нурбек Алимбеков :

«Бул жардамды Кыргызстан ала тургандыгы тууралуу макулдук катын өкмөт уюмга жибериши керек эле. Макулдашууга кол коюунун акыркы мөөнөтү 30-апрелде бүтөт. Өткөн жумада уюмдун өкүлү Аднан Курешти кабыл алдым, бир айдан бери өкмөттүн үч министрлигинин эшигин каккылап, кире албай жүргөнүн айтты. Эки күн калды, ушуну азыр чечип бербесек, грант башка өлкөгө өтүп кетет. Бул өтө чоң акча, аны албасак уят болобуз. Өкмөт тез арада чечиши керек», — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты