​Былтыр «акча опузалоо» беренеси менен камакка алынган Расул Умбеталиев акционер катары «Электр станциялары» ААКнын жыйынына катышууда

  • 3 года мурун

Бүгүн, 28 — апрелде «Электр станциялары» ААКсы акционерлеринин жыйынын өткөрүүдө. Аталган жыйынга энергетика боюнча эксперттик ойлорун айтып жүргөн, былтыр «акча опузалоо» беренеси менен камакка алынган Расул Умбеталиев дагы акционер катары катышууда.

Расул Умбеталиев аталган жыйынында алтын иштетүүчү компанияларга электр энергиясына болгон бааны кВт саатын 12 сомго чейин кымбаттаттуу керектигин айтты.

Эске сала кетсек, Р. Умбеталиев 2020-жылы 4-ноябрда «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасына көмүр сатып алуу боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү катары 500 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерлеринин кылтагына илинген.

Ал «Кыргыз жылуулук энергонун» тендердик комиссиясына ЖК депутаттары Умбетаалы Токторалиев жана Экмат Байпакбаевдин сунушу менен киргизилген эле.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты