​Ализа Солтонбекова: «COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүү менен гана пандемияны токтотууга жардам бере алабыз»

  • 3 года мурун

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аймактык бюросунун демилгеси менен Кыргызстанда Эмдөөнүн европалык жумалыгы өтүүдө.

Бул иш-чаранын алкагында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова эмдөөдөн өтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтты.

«Вакцинация алуу менен биз өзүбүздү эле эмес, үй — бүлөбүздү дагы коргоого алып, коопсуз коомду түзүүгө көмөктөшөбүз. COVID-19 пандемиясы вакцинациянын канчалык маанилүү экенин айгинелеп койду. Эмдөөнүн европалык жумалыгы башталып, анын алкагында 5 жашка чейинки балдарды эмдөөдөн өткөрүүдөбүз. COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө да өзөгчө көңүл бурулууда. Вакцинация алуу менен гана биз пандемияны жеңүүгө жардам бере алабыз», — дейт министрдин орун басары.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты