Камчыбек Ташиевдин «Баткенде суу сактагыч курабыз» деген сөзүнө тажик тарап жооп берди

  • 3 года мурун

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев 25-апрель күнү Өзгөн районунун Куршаб
айылындагы эл менен болгон жолугушууда Баткен облусунун Лейлек районундагы
Козу-Баглан дарыясына, «Ак-Тоок» суу сактагычы курулаарын айткан.


«Лейлектеги Бешкент айыл өкмөтүнүн аймагында «Ак-Тоок» суу
сактагычын куралы деп жатабыз. Тажиктердин Хожент жана Гафуров шаарларына таза
суу 100 пайыз бизден барат. Бардык суулар бизден агат дагы, өзүбүздүн талаалар
кургап жатат. Бул боюнча өкмөттө талкуулаганбыз жана жыл ичинде бул долбоорду
ишке ашырабыз» — деген.

Камчыбек Ташиевдин бул сөзүнө Тажикстандын Согды облусунун
Мелиорация жана ирригация башкармалыгынын директору Халим Хожиев комментарий
берип, чек ара аймагында суу сактагычтардын курулушу мамлекеттер аралык
келишимдин негизинде ишке ашуусу керектигин билдирген.

«Суу сактагычты куруу тууралуу оюн Кыргызстан биринчи жолу
билдирген жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Же чогуу курабыз же сүйлөшүүлөр кандай
аяктайт белгисиз. Бул иш мамлекеттер аралык келишимдин негизинде ишке ашуусу
керек жана биздин дагы кызыкчылыгыбыз эске алынышы зарыл», — дейт тажик
чиновниги «Азия-Плюс» маалымат агенттигине.

Тажикстандык ошол эле «Азия Плюс» агенттиги Согды
обладминистрациясындагы атын жашырган жогорку кызматтагы чиновниктин «эгер суу
сактагычты Кыргызстан өз алдынча кура турган болсо, биздин да татыктуу жообубуз
бар» — деген сөзүн келтирген.

Анын айтымында «Кайраккум» суу сактагычынан
суу алып, Кыргызстандын Лейлек районун сугат суу менен камсыздаган насостук
станция тажиктердин Бобожонгафуров районунда жайгашкан экен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты