​Иштен айдалган IT — мамкомпания башчылары ишенимди актаган жок

  • 3 года мурун

Өткөн жумада өлкөнү санариптештирүү ишине жооптуу болгон «Түндүк», «Укук», «Инфосистема», «Соцсервис», «Транском» мамлектеттик ишканларынын башчылары кызматтан алынган.


Бул боюнча Өкмөттүк аппараттын Санариптик трансформация бөлүмүнүн башчысы Таалай Байтереков түшүндүрмө берип, IT-ишкана жетекчилеринин иштен алынышы алардын жөндөмсүздүгүнө байланыштуу болгонун айтты.

«Бул ишканалар 3 жыл мурун түзүлгөн. Бул убакыттан бери аларды каржылоого бюджеттен акча бөлүнүп келди. Негизи ал ишканалар өздөрү акча таап, кызматкерлерин каржылап, түшкөн пайдасынын 50 пайызын мамлекеттик бюджетке төгүшү керек болчу. Бизнестин ар кандай тейлөөлөрүн уюштуруп, программалык камсыздоолорду иштеп чыгып, аларды маалыматтык технологиялар рыногуна сатып, акча табышы керек эле.

Тилекке каршы алар антишкен жок. 3 жылдан бери республикалык бюджеттен каржыланып, быйыл дагы 150 млн сомдой сурашкан. Ар биринде 25 -30дан ашпаган адам иштеп, алардын 7-8и эле программисттер, калгандары административдик кызматкерлер болушкан», — дейт Байтереков.

Бирок коомчулукта жогорудагы мамлекеттик ишканалардын айрымдары ийгиликтүү иштеп, өлкөнү санариптештирүү саясатын ишке ашырууда жакшы жетишкендиктерге жетише башташканын айтышууда. Оптимизациялоону шылтоолоп, иши жолго коюлуп калган ишканаларды жоюп салуу туура эмес кадам болгонун айткандар да бар.

Эске сала кетсек, өкмөт жогорудагы мамлекеттик 5 компаниянын ордуна бир эле Санариптик өнүктүрүү кызматын түзүүнү пландап жатат.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты