COVID-19: Бир сутка ичинде 247 адам жуктурду, 5 адам каза болду
- 3 года мурун
Коронавирус илдетинен Бишкекте 3, Чүйдө 2 адам кайтыш болду. Учурда бейтапканаларда 1496 адам дарыланууда.
Алардын ичинен 242 бейтаптын абалы оор, 65иники өтө оор. Сутка ичинде 6 медициналык кызматкерге жукту. Жалпысынан Кыргызстан боюнча өткөн жылдын март айынан бери СOVID-19 илдети менен 94 277 адам ооруп, 1589 жараныбыздын өмүрү кыйылган.
27 –апрелге карата ооруну жащы жуктургандардын статистикасы:
Бишкек — 146
Ош — 1
Чүй облусу – 79
Ош облусу — 2
Талас облусу — 2
Нарын облусу — 6
Ысык-Көл облусу – 7
Жалал-Абад облусу – 1
Баткен облусу — 3
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү