​Түлеевдин батирлерин сатып салган мэрия кызматкери 16 жылга кесилди

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри, 2013-жылы «коррупция» беренеси менен 11 жылга соттолгон Нариман Түлеевден конфискацияланган 8 батирди сатып жиберген Бишкек мэриясынын кызматкери Эрик Ашыралиев 16 жылга эркинен ажыратылды.


Ал кылмыш жасаган соң, изин жашырып кеткен. 2019-жылы Баткен облусунан Тажикстан аркылуу Түркияга чыгып кетээрде УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

Ленин райондук соту Эрик Ашыралиевди 16 жылга соттоо менен 300 миң сом айып пул салды. Андан тышкары жабырлануучу 11 адамдын пайдасы үчүн 30 миллион сом өндүрүү тууралуу чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 9-февраль күнү Нариман Түлеевге козголгон кылмыш иштери 3 инстанцияда тең жокко чыгарылып, толугу менен акталган.

Фото интерненттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты