Тилекмет Куренов үй камагына чыкты

  • 3 года мурун

Жарандык активист Тилекмат Куренов эркиндикке чыкты.

Ал 2021-жылы 15-мартта «бийликти күч менен басып алууга чакырык таштады» деген кине менен 15-майга чейин камакка алынган.

Бишкек шаарындагы СИЗО-1 абагында жаткан Тилекмат Куреновду бүгүн 26 — апрелде Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарды. Сот залынан кое берилген Тилекмат Куренов колдоп келген тарапташтарына ыраазычылыгын билдирип, «Бүгүн сен тенирчи, арапкул, батышчыл, чыгышчыл деп бөлүнбөй, акты ак, караны кара дей турган убакыт келди» — деди.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты