К. Зулушев: «16 жашка чыга электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» мыйзамында менталитетибиз менен салтыбыз эске алынышы керек»

  • 3 года мурун

Сот-укуктук реформанын алкагында кодекстерди жакшыртуу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму 26 — апрелде Кыргыз улуттук илимдер академиясында өттү.


Ага катышкан башкы прокурор Курманкул Зулушев «16 жашка чыга электерге карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» деп аталган 164 — берене проблемалуу болуп жатканын айтты.

Башкы прокурордун айтымында жашы жетелектерге сексуалдык мүнөздөгү аракеттер жасалганы көп учурда төрөт үйүнөн билинип жатат.

«Баары 17 жаштагы кыз төрөп койгондон кийин белгилүү болуп жатпайбы. Ал учурда күйөөгө тийип, үй — бүлөө куруп койгон болот. Ошондон кийин тергөө анын күйөөсүнүн аракеттерине юридикалык баа берип жатат. Бул үчүн 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин жаза мөөнөтү каралган. Ошол эле учурда биздин менталитетти жана салтыбызды да эске алыш керек деп ойлойм» — дейт Курманкул Зулушев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты