​Камчыбек Ташиев ала — букалыктардын да айтканына көндү

  • 3 года мурун

«Кемпир
-Абад» суу сактагычынын жана анын айланасындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине
каршы болгон элге 25-апрель күнү УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жолуккан.

Анда
Камчыбек Ташиев «Кемпир — Абаддын» ордуна Гавасай участогунан 8 миң гектар жерди
аларыбызды айткан. Ал жерлер ансыз деле Кыргызстанга карай турганын айткан Ала-Бука
районунун Көк-Таш айылынын тургундары
митингке чыгышып, Камчыбек Ташиевдин келишин талап кылышкан.

Бүгүн
26-апрель күнү Камчыбек Ташиев Көк-Таш айылына барып, жергиликтүү эл менен
жолукту.

24.kg маалымат булагына
жергиликтүү жашоочу Сабырбек Сейдакмат уулунун кабарлаганына караганда Камчыбек
Ташиев Өзбекстан менен Кыргызстандын чек
ара тилкелерин делимитациялоо тууралуу протоколдогу Гавасай участогу боюнча
дагы маселени кайра карап чыгууну убада кылган.

Фото 24.kg агенттигинен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты