Тажикстандын элчисине нота тапшырылды
- 3 года мурун
26 — апрель күнү Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Тышкы иштер
министрлигине чакыртылып, ТИМдин нотасы тапшырылды.
2021 — жылдын 24-апрелинде Лейлек районунун 2 тургуну Тажикстандын күч органдары тарабынан
уурдалып, сабалган.
Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Ниязалиев элчиге чек арадагы абалды курчуткан
мындай жосунсуз жоруктарга жол берилбеши керектигин айтып, тажик тарапты
окуянын чоо-жайын иликтеп, күнөөлүүлөрдү тезинен таап, чара колдонууга чакырды.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү