​Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин сөзүн Президенттин маалымат катчысы жокко чыгарды

  • 3 года мурун

Бүгүн 26 — апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча журналисттерге маалымат жыйын өткөргөн.

Анда министр өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн уу коргошун тууралуу маек берээрин айткан.

Бирок Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек бул маалыматты биринчи жолу угуп жатканын, Президенттин иш графигинде бул тууралуу эч нерсе пландалбаганын 24.kg маалымат агенттигене айткан.

Эске сала кетсек, короновирусту уу коргошун менен дарылоо ыкмасын алгач Садыр Жапаров өзү жарыялап, кийин министр Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошун менен жүздөгөн адамды дарылап башташканын кабарлаган.

Сүрөт^ Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты