COVID-19: Акыркы 2 сутка ичинде коронавирустан 9 адам өлүп, 550 адамга жукту
- 4 года мурун
24-25-апрелге карата маалымат боюнча Кыргызстанда короновирус илдетине 550 адам чалдыгып, 9 адам көз жумду.
Эң көп ооургандар мурдагыдай эле Бишкек шаарында (340 адам) жана Чүй облусунда (135 адам) катталды. Коронавируска каршы күрөшүп жаткан 18 медицина кызматкерине жукту.
2020-жылдын март айынан бери Кыргызстан боюнча 93 831 адам ооруп, 1 582 адамдын өмүрү кыйылды.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү