​Залкар талант Бексултан Жакиев дүйнө салды

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучуcу Бексултан Жакиев дүйнө салды.
Бул тууралуу театр ишмери Жаныш Кулмамбетов Фейсбук баракчасына жазды.


-Кайгылуу кабар келди. Кыргыз театрынын бүтүндөй доору- Бексултан Жакиев дүйнө салды.
Бексултан Жакиев 24 жашында “Атанын тагдыры” аттуу биринчи пьесасы менен таланттуу драматург катары кыргыз совет адабиятына кирди.

Режиссер Жалил Абдыкадыров койгон аталган спектаклде Муратбек Рыскулов (Акылбек), андан кем эмес талант Даркүл Күйүкова (Оңолкан), ошондой эле кайталангыс Искра Райымкулова (Жеңишбек) ролду мыкты ойногон.. Режиссер Жалил Абдыкадыровдун бул спектакли өткөн кылымдын 60-жылдарында улуттук масштабдагы көркөм-маданий турмуштун чоң жаңылыгы болгон. Согушта жалгыз уулунан ажыраган, бирок үмүтүн үзбөй, ар күнү баласын пристанда күткөн атанын тагдырын көрүүчүлөр көз жашын тыя албай көрүшчү, жалпы ааламдык тагдырга айланган бул атанын тагдырына аябагандай кейишчү.

Бексултан Жакиевдин улам кийинки пьесалары көркөмдүк жагынан терең мааниге ээ болуп, жаркын образдардын бүтүндөй галереясын түзүп, кыргыз драматургиясына, театр искусствосуна Миңжашар менен Макечал (“Алтын аяк”), Тилек менен Зейнеп (“Күттүргөн жаз да клээр”), Абышка менен Камбаркан (“Саадак какты”), Ата (“Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”) болуп кирди. Бул драмалык образдарды Советбек Жумадылов (Маке чал), Жамал Сейдакматова (Зейнеп), Асылбек Өзүбеков (Тилек, Камбаркан), Сатыбалды Далбаев (Ата) жана башкалар аткарды.

Улуу устат кетти… Бирок биз анын таланттуу чыгармалары жашай берет деп өзүбүздү сооротобуз, -деп жазды Жаныш Кулмамбетов.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты