​Майдын башында «иш таштайбыз» — деген маршруттук такси айдоочулары менен вице-мэр жолукту

  • 3 года мурун

Бишкек шаарындагы негизги коомдук транспорт болуп эсептелген маршруттук такси айдагандар 3 — майдан тартып, жол кирени 20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып, жалпы иш таштоо акциясын баштаарын жар салышкан.


Алар менен 23-апрель күнү Бишкек шаарынын вице-мэри Русланбек Акылбеков жолугуп, коомдук транспортко болгон бааны көтөрүүнү Бишкек шаардык кеңеши чечээрин, бул иш бардык мыйзамда көрсөтүлгөн эреже, тартиптер менен ишке ашырылаарын эскертти.

«Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Коомдук транспорттун ишин үзгүлтүккө учуратуу мэрия менен эл ташуучу фирмалардын ортосундагы келишимди бузууга жатат» — деген вице-мэрдин сөзүнө айдоочулар анчейин канааттанбай, талаптары орундалбаса, токтоосуз иш таштоого чыгышаарын кайталашты.

Сүрөт интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты