​«Кара июль» кайталанбасын! 13-апрелден бери COVID-19дан 45 адам өлүп, 1906 адамга жукту

  • 3 года мурун

Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик санэпидкөзөмөл борбору массалык иш-чараларды убактылуу токтотуп туруу сунушун берди.

Аталган мекеменин башчысы Кубан Кундашев жума намаз, айт намаз сыяктуу эл көп чогула турган массалык иш-чараларды убактылуу токтото туруу тууралуу катты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жөнөткөнүн айтты.

«Албетте мусулмандык парзды аткаруу керек, бирок ден соолукту да унутпаш керек. Биз бул боюнча эскертүү катыбызды КМДБга жибердик, чечимди алар кабыл алышат. Толук болбосо дагы, жарым жартылай чектөө киргизе турбаса, абал оорлоп баратат»- дейт Бишкектин башкы санэпидкөзөмөл башчысы.

Эске сала кетсек, акыркы айларда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйдү. 13-апрелден бери Кыргызстан боюнча бул оорудан 45 адам көз жумду.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты