​Жыпар Алымбекова: “Баламдын ишин кыскартып беребиз деп, акча талап кылып жатышат”

  • 3 года мурун

Баңгизаттарды сатууга катыштыгы бар деп айыпталып, УКМК тарабынан камакка алынган“Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү” бөлүмүнүн жетекчиси Баялы Сманкуловдун жакындары бул иш атайын уюштурулганын айтып чыкты.


Баялы Сманкуловдун апасы Жыпар Алымбекованын айтымында, УКМК кызматкерлери бир жарандын жалган көрсөтмөсү менен Сманкулов Баялынын иш кабинетине, үйүнө тинтүү жүргүзүшкөн.

“Эки саат тинтүү жүргүзүшүп, эч нерсе таппай коюшкан. Эң акырында кетээринде кабинеттин так ортосунан 1 грамм баңги зат таап жатышат. 2 саат эч нерсе таба албай, кетээринде таптык дегени — бул атайын уюштурулган иш экенин көрсөтүп жатпайбы?”, — дейт Алымбекова.

Ошол эле күнү саат 22.30да Сманкуловдун үйүнө дагы тинтүү жүргүзүшкөн. “Ал кезде кош бойлуу аялы үйүндө жалгыз болгон. 3 сааттык тинтүү жүргүзүшүп, анда да эч нерсе таппай, кетээринде 3 грамм гашиш таптык деп айтып жатышат. Керебеттин чекесине коюп жатканын келиним өз көзү менен көрүптүр. Ошондо гана кыйкырып-бакырганда чыгып кетишкен”, — дейт айыпталуучунун апасы.

Сманкуловдун апасынын айтымында, аларга белгисиз бирөө чалып, акча талап кылып жатышат. Чалгандар эгерде тиешелүү сумманы төлөп берсе, иш кыскартыларын айтышкан.

“Анысы 100 миң доллардан башталып, азыркы учурда 20 миң долларга түшүптүр. Ошону берсек статьясын өзгөртүп жеңилдик берип, чыгарып беребиз деп жатышыптыр. Бизде учурда 20 миң доллар эмес, 20 миң сом да жок. Баялыдан кийинки балам ооруп эки жыл мурун Түркияга барып бөйрөгүн алмаштырып келгенбиз. Ошондо биз бир нече кредит алып, карызга батканбыз. Үнүбүз Камчыбек Ташиевге жетсе, ал киши бул ишти өз көзөмөлүнө алып, калыс карап берет беле деп үмүт кылып жатабыз”, — дейт Алымбекова.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты