COVID-19: Бир сутка ичинде ооруну 380 адам жуктуруп, 5 киши каза болду
- 3 года мурун
22-апрелге карата COVID-19 илдетин жуктургандардын саны 380ге жетип, анын 11и медицина кызматкерлери. Коронавирус сутка ичинде 5 адамдын өмүрүн кыйды.
Эң көп учур мурдагыдай эле Бишкек шаарында катталып, 246 адам жугузуп алды.
Ош шаары – 14;
Чүй облусу – 91;
Ош облусу – 5;
Нарын – 2;
Ысык-Көл – 15;
Жалал-Абад – 5;
Баткен облусунда 2 учур катталды. 316 бейтаптын абалы оор, 52 адам өтө оор абалда.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү