Доцент Гүлзат Аалиева камакка алынды

  • 3 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны 21-апрелде камакка алды.

Бул тууралуу анын бир тууганы Нурзат Аалиева «Азаттыкка» билдирди:

«Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары диний ишмерлердин туура эмес иштери тууралуу, аларга каршы постторду да жазып келген. Алар биригип, адвокат жалдап, Гүлзатты сотко беришиптир. 21-апрелде саат 16.00дө милициядан аны суракка чакырышып, ошондон ары камап коюшту. Тергөөчү сот анын бөгөт чарасын аныктагыча, убактылуу кармоочу жайда кармала турганын айтты» деди Нурзат Аалиева.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат деген арызынын негизинде суракка чакырылып, камалганы белгилүү болду. Адвокат Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты