​«Репортеры без границ» дүйнөдөгү сөз эркиндигинин кезектеги рейтингин жарыялады

  • 3 года мурун

Эл аралык «Репортеры без границ» уюмунун бул жолку изилдөөсүндө Кыргызстан 79-орунду ээлеп, былтыркыдан 3 орун алдыга жылган.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу алар: «Кыргыз ЖМКларындагы көп пикирдүүлүк Борбордук Азияда өзгөчө орунда турат. Бирок ошого карабастан кыргыз коомундагы жик — ЖМКлар жана журналисттер арасында ачык байкалат. Мындай аракеттерди 2020-жылдагы шайлоодон кийинки октябрь башаламандыктарында милиция жана демонстранттар тарабынан кабарчыларга болгон кол салуулардан байкасак болот. Журналисттик иликтөөлөрдө маалыматтарга жеткиликтүүлүк начар. Журналисттерге карата физикалык күч колдонуу, кибер чабуулдар, суракка чакыруулар сыяктуу тоскооолдуктар дагы деле бар.

Коррупциянын бетин ачуу, мисалы миллиондогон долларды кымырууга шектелген Матраимовдордун үй бүлөсүнүн контрабандалык ишмердүүлүгү сыяктуу иликтөөлөр көз карандысыз журналисттер жана ЖМКлар үчүн кооптуу бойдон калууда» — деп айтылат «Репортеры без границ» уюмунун документинде.

Сөз эркиндигинин денгээли боюнча Скандинавия өлкөлөрү 5 жылдан бери лидерликти эч кимге бербей келишет. Норвегия биринчи орунда, Финляндия, Швеция, Дания кийинки орундарда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты