Оштун тургуну бала-бакчадагы кызынын колуна ийне сайып, чачын жулушканын айтып, милицияга арызданды

  • 3 года мурун

Ош шаарынын тургуну, Бегимай Гулназ Асылбековна аттуу интернет колдонуучу өзүнүн «Инстаграм» баракчасына Оштогу жеке менчик бала бакчалардын бирине барган 5 жаштагы кызы катуу сабалганын жазып чыккан. Түшкү тамактан кийин тарбиячысы балдарды бала-бакчанын бухгалтери Динара аттуу аялга табыштап, башка жакка чыгып кеткен. Түштө уктоодон баш тарткан наристени бакчанын бухгалтери чачын жулуп, колуна ийне сайып катуу сабаганын айтып, милицияга арыз жазган.

Бул окуя боюнча Ош шаардык ИИБи тарабынан «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты