​Кыргыз эли Мария Айтматова менен коштошту

Бүгүн, 21-апрелде, Кыргызстан эли залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова менен коштошту.

Мария Урматовна Айтматова 1942-жылы 13-июлда Суусамыр өрөөнүнүн 8-март айылында туулган.

Мария Урматовна адамгерчилиги бийик, камкор жар жана эне болгондугу, улуу жазуучунун чыгармачылыгын бапестеп жайылтуучу катары элдин эсинде кала берээри айтылды.

Маданият министри Кайрат Иманалиев Мария Урматовна биринчи кезекте маданияттын өкүлү болгонун белгиледи.

Мария Айтматова Москвадагы ВГИКти, киноматографисттер жогорку окуу жайын аяктаган киносценарист болгон. Ал Чыңгыз Айтматовдун “Ботогөз булагында” режиссер Лариса Шепитьконун ассистенти катары белгилүү. Мария Урматовна Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын биринчилерден болуп окуп, машинкага басып берчү. “Кылым карытар бир күн” чыгармасын бүтүндөй өзү машинкага басты. Балдарынын энеси болду, чет өлкөдө да элчилик кызматта бирге жүрдү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, мурасын чогултуп, бапестеп окурмандарына жеткирүүгө чоң эмгек сиңирди.

Композитор Муратбек Бегалиев акыркы күндөргө чейин эле Мария Урматовнанын күүлүү-күчтүү болгонун, бирок пандемиянын кесепетинен барса келгис сапарга аттанганын айтып, алар кошуна турган кезин эске түшүрдү.

-Москвада, айтылуу Переделкино кыштагында бир нече жыл кошуна туруп калдык. Ошондо баарын өз көзүм менен көрдүм эле. Чыңгыз Төрөкулович экөөбүз түн ичинде иштейбиз, терезеден сүйлөшүп коюп, чыгарма жазчу элек. Эртең менен Чыңгыз Төрөкулович жазганын окуп берет, аны Мария Урматовна машинкага басып, оңдойт. Экөөнүн жан дүйнөсү бирге болчу. Мария жеңебиз чоң жардам берип, кыргыз үчүн кызматы кылды. Киноматографияга, маданиятка бараандуу салым кошту. Өң десе өң, акыл десе акылы бар эле. Кошкон салымы менен элеси унутулбай калат, Бардыгыбыздын жүрөктө сакталат, — деди композитор Бегалиев.

Мен да журналист катары бир ирет Мария Урматовна менен Чыңгыз Айтматовдун үй — музейинен жолугуп, баарлашып калгам. Анын жүрөгү аялуу, назик экенине күбө болгом. Өмүрүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовго, чыгармачылыгына, уул-кыздарын тарбиялоого арнаптыр.

Жазуучу Казат Акматов кезинде Мария Урматовнанын кандай камкор жар экенин, улуу жазуучуга узак сапарда тамак-ашты мүнөздөп даярдап салып бергенине ыраазы болуп, өзү да жолду ката ал даамды татып барганын интервьюсунда белгилегени бар.

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Урматовна Айтматованын сөөгү бүгүн, 21-апрелде, Ала-Арча көрүстөнүнө жерге берилет.

Айгүл Бакеева


Сүрөт:Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты