Мурдагы Каржы полициясынын башчысы Бакир Таиров «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды

  • 3 года мурун

Жоюлуп кеткен Каржы полициясынын мурдагы башчысы Бакир Таиров Биринчи май райондук соту тарабынан «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 260 миң сом айып пул төлөдү.

Былтыркы парламенттик шайлоодо Б. Таиров «Биримдик» саясий партиясынын кызыкчылыгы үчүн Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин башчысы Каныбек Ботобаевден «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнөн акча жыйнап келүүнү буйруган. Ал 2020-жылы 10-декабрда камакка алынып, ушул жылдын 17-февралында күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 20 миллион сом төлөп берип, үй камагына чыккан.

Тергөө менен кызматташууга барып, мамлекетке 20 миллион сом төлөп бергенин эске алып, сот кылмыш ишинин материалдарын изилдебестен эле өкүм чыгарды. Бакир Таиров коррупционер экенин мойнуна алды.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты