​Мыйзамсыз чечим чыгарган сот, прокурор, тергөөчүлөр жазага тартылышы мүмкүн

  • 3 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев кечээ, 20-апрелде парламенттин тармактык комитеттеринде отчет берди. Эл өкүлдөрү тарабынан башкы прокурорго мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча суроолор, сунуштар, талаптар көп айтылды.

Депутат Наталья Никитенко саясий негизде чечим чыгарган сот, прокурор, тергөөчүлөрдү башкаларга сабак болушу үчүн сөзсүз жазага тартуу керектигин айтты. Бул боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушев: «Мыйзамсыз чечим чыгарган сот, мыйзамсыз чечим кабыл алган тергөөчү сөзсүз жооп бериши керек. Акталган адамдар, укугу кордолгон адамдар арыз менен сөзсүз кайрылышы керек. Муну эл өкүлү катары да айтып жүргөм, азыр прокурор катары да айтам. Биз жазага тартканда буйрук аткарбай калат. Буйрукту аткарбай мыйзам чегинде иштейт, мыйзамды туу тутат. Бул маселе боюнча позициямды өзгөрткөн жокмун» — деди.

Жакында эле Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «Маевский иши» боюнча толук акталышкан. Андан мурун Аида Салянованын «мыйзамсыз лицензия бергени» боюнча иши Жогорку Соттон кайра кароого жиберилген. «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси менен соттолушкан Талгарбеков, Колубаев, Султановдордун кылмыш иши кыскарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты