​Биринчи кварталда республикалык бюджетке 1 млрд. 395 миллион түшпөй калды

  • 3 года мурун

Кыргыз экономикасындагы каатчылык республикалык бюджетте да ачык көрүнө баштады. Вице-премьер министр, экономика жана каржы министри Улукбек Карымшаков 2021-жылдын биринчи кварталындагы республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча ушул аптанын башында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде отчет берди.

Анын айтымында быйылкы жылдын биринчи кварталы үчүн республикалык бюджеттин пландалган жалпы суммасы 33 млрд. 746 млн. сом деп бекитилсе, анын 32 млрд. 352 млн. сому түшкөн. Бюджетке 1 млрд. 395 млн. сом түшпөй калган. Бул сумманын жарымынан көбү же 25 млрд. сому Салык кызматы тарабынан чогултулган.

«Планды Салык кызматы толук аткарды. Ал эми Бажы кызматы коюлган пландын 86,9 гана пайызын аткара алды» — дейт Улукбек Карымшаков. Мындан туура бир жума мурун республикалык бюджеттин планын толук аткарып берген Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев кызматтан алынган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты