​Уулангандардын убалы кимге? Уу коргошун ичип ооруканага түшкөндөр көбөйдү

  • 3 года мурун

Өткөн жуманын аягында башталган уу коргошун «эпидемиясынын» кесепеттери билине баштады. 20-апрель күнү Ысык-көл тамырынан жасалган куюлманы өз алдынча ичкен 4 адам ооруканага түштү.

Уу коргошунга ууланган жарандар тууралуу маалыматтар 20-апрель түштөн кийин биринин артынан экинчиси чыга баштаган. Алгачкысы 63 жаштагы жаран оор абалда Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганы кабарланган. Ал бейтап уу коргошун ичкенин айткан. Андан көп өтпөй, 1950-1958-1955-жылкы жарандар Бишкектин Ортопедия жана травматалогия илимий-изилдөө борборуна жаткырылганы айтылды.

Эске сала кетсек, өткөн жуманын акырында президент Садыр Жапаров Бишкектин ооруканаларын кыдырып жүргөн учурда, кыргыз дарыгерлери коронавирусту 2-3 күндө эле дарылай турган ыкманы тапканын айткан. Социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына уу коргошун менен короновирустан тез айыкса болоорун жазган. «Адам өмүрүнө коркунуч туудурган жалган маалыматтарды жарыялоого уруксат берилбейт» деген жүйөө менен «Фейсбук» социалдык түйүнү 18-апрель күнү аталган билдирүүлөрүн өчүрүп салган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты