Кара — Балтадагы каржылык мыйзам бузууларга каршы турган партия лидеринин унаасын аткылап кетишти
- 3 года мурун
Кара-Балта шаардык кеңешинде 5 мандатка ээ болгон «Элдик — Народная» партиясынын лидеринин унаасына белгисиз бирөөлөр 20-апрелге караган түнү 2 жолу ок чыгарышкан. Аталган партия өкүлдөрү Кара- Балта шаарындагы мыйзамсыз иштерге каршы туруп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржылык мыйзам бузуулары боюнча прокуратурага арыз жазышкан. Ошондой эле «Элдик -Народная» партиясы Кара-Балта шаарынын 2021-жылдагы бюджети туура эмес кабыл алынганын айтып, сотко кайрылышкан.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү