Абхаздык унаалардын азабы: Алдамчылык схема буулбаганда алдангандардын саны алда канча көп болмок

  • 3 года мурун

Абхазиядан ташылып келинген унааларды сатып алган мекендештерибиз 19-апрель күнү кайрадан митингке чыгышты. Алар Кыргызстанга кирген Абхаз номерлүү унааларды каттоого алууну талап кылышууда. Митингчилер менен жолугушууга келген Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Бакыт Алиев, аталган унаалар алдамчылык жол менен Кыргызстанга киргенин, эгер ал схема буулбаганда, алдангандардын саны алда канча көп болмоктугун айтты. «Абхазиядан эл ташыганга деп 3 күндүк ишеним кат жаздырып, Россияга айдап келишкен. Ал жактан жасалма дагы бир ишеним кат жазып, Кыргызстанга алып келип сатышкан. Бул коррупциялык-алдамчылык схеманы токтотконбуз. Тергөө иштери жүрүүдө» — дейт бажы кызматынын орун басары.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты