​«Жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз!» «Фейсбук» Садыр Жапаровдун уу коргошун тууралуу постун өчүрдү

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаровдун коомчулукта чуу жараткан короновируска каршы уу коргошунду колдонуу тууралуу «Фейсбук» жана «Инстраграм» социалдык түйүндөрүнө жарыялаган билдирүүлөрү өчүрүлдү. Аталган социалдык түйүндөр караган компаниянын маалымат кызматы «Азаттык» үн алгысынын суроосуна кат аркылуу:

«Биз бул постту алып салдык. Себеби биз эч бир адамдын, анын ичинде шайланып келген расмий жетекчилердин адамга түздөн-түз физикалык залал келтире турган маалыматты бөлүшүүсүнө же COVID-19ду дарылоо же алдын алууга байланыштуу жалган маалыматтарды таратуусуна уруксат бербейбиз» – деп жооп берген.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты