​Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

  • 3 года мурун

Ордо калаабыз Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда.

Апрель айынын башынан бери коронавирус менен ооругандар катталган Бишкектин 7 мектеби карантинге жабылып, онлайн окууга өтүшкөн. 19-апрелден тартып, дагы 4 мектеп онлайн режимге өткөнүн Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

«Бул мектептер 3-майга чейин карантинге жабылды. Бирок 21-апрелден 26-апрелге чейин мурда жабылган 7 мектеп кайрадан ачылат» — дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты