​Кесиптешибиз Майрамбек Тойгонбаевдин элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат

  • 3 года мурун

Белгилүү журналист, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын эксперти Майрамбек Тойгонбаев бүгүн, 19-апрелде жерге берилди.

Ал бир жума мурун инсульт оорусуна чалдыгып, 17-апрелде мезгилсиз дүйнө салган.

Майрамбек Тойгонбаев 1987-жылы 29-апрелде Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Большевик айылында туулган. Эмгек жолун 2010-жылы КТРКнын «Ала-Тоо» маалымат-аналитикалык программасында кабарчы болуп эмгектенүүдөн баштап, 2013-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясында Басма сөз катчысы болуп иштеген. 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Басма сөз кызматында сектор башчысы, андан соң эксперт кызматын аркалап келген.

33 гана жашында кырчындай өмүрү кыйылган кесиптешибиз адамкерчилиги бийик, мекенчилдик сезими күчтүү, өз ишин мыкты билген, кыргыздын мыкты жигити катары элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Майрамбек Тойгонбаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко болсун!

«Политклиниканын» жамааты

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты