Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратын ээлеп алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

  • 3 года мурун

15-апрель күнү Аламүдүн районуна караштуу Пригородное айыл өкмөтүнүн имаратына карызга баткан 15 аял кирип алышкан. Бул окуя боюнча Чүй облустук ИИБи тарабынан «мамлекеттик мекемени же имаратты басып алуу, өз алдынча ээлеп алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Насыяларынын пайыздары өсүп кетип, үйлөрүнөн ажыроонун алдында турган аялдар 3 жылдан берки пайыздарын кечип салууну өкмөттөн талап кылышып, өзүн — өрттөө актысын ишке ашырабыз деп коркутушкан. Облустук жана райондук жетекчилер менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин алар айыл өкмөттүн имаратын түшкү саат 3тө бошотуп беришкен. Акцияга чыккан 15 аялдын экөөсүн премьер-министр Улукбек Марипов кабыл алып, калгандары менен 17-апрелде жолукмак.

Окуя болгон жерге барган Чүй облусунун башчысы Эркин Тентишев «мамлекеттик имаратты басып алуу» беренеси менен акцияга чыккан аялдар жоопкерчиликке тартылбай турганын, премьер-министр аларды жеке өзү кабыл алып, бул маселени чечээрин айткан.

Фото 24.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты