Марттагы инфляциянын көлөмү боюнча ЕЭАБде алдыга чыктык
- 3 года мурун
Евразия экономикалык бирдигиндеги өлкөлөрдүн арасында инфляциянын өсүүсү боюнча Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Кыргызстанда март айында баалар 1,1 пайызга жогорулаганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Армениядагы инфляция – 1 пайыз, Казакстанда – 0,6 пайыз, Россия менен Белорусияда — 0,7 пайызды түзгөн.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү