Катаал карантин талаптары киргизилеби? Президент Садыр Жапаровдун жообу
- 3 года мурун
COVID-19 илдети күн санап кулачын жайып, жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Оору катталган Бишкек шаарындагы бир катар мектептер карантинге жабылды. Көпчүлүк кыргызстандыктарды түйшөлткөн «республика боюнча катаал карантин киреби» — деген суроого так жооп бериле элек. Бирок Президент Садыр Жапаров 15-апрель күнү өлкөбүздүн бир катар ооруканаларын кыдырып, карантин чаралары тууралуу:
«Кудай буюрса, биз катаал карантин талаптарын киргизбей, абалдан чыгып кеткенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Ошондой мүмкүнчүлүгүбүз бар деп мен толук ишенем» — деди.
Фото Султан Досалиевдики
Муну бөлүшүү