​ ​CPJ Бишкекти шайлоодо кабарчылар кабылган басымды иликтөөгө чакырды

  • 3 года мурун

Кыргызстандын бийлиги шайлоо учурунда журналисттер кабылган куугунтукту, басым-кысымды иликтеп, алардын эркиндигин жана коопсуздугун камсыз кылышы керек. Бул тууралуу баш кеңсеси НьюЙоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) атайын билдирүү таратты.

Анда 11-апрелде добуш берүү учурунда милиция кеминде төрт журналистти кармаганы, байкоочулар бир кабарчыга кол салган учур катталганы айтылат. CPJ кыргыз бийлигин бул жагдайларды иликтөөгө, кабарчылардын саясий окуяларды эркин жана коопсуз чагылдырышына шарт түзүүгө чакырды.

“Кыргызстанда шайлоолор эркин, акыйкат жана мыйзамдуу деп табылышы үчүн журналисттер аны эркин чагылдырып, куугунтукка кабылам деп коркпошу керек”-деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гүлноза Саид.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөн. Анын жүрүшүн чагылдырып жана байкоо салган “Клооп” порталынын кабарчыларына кол салуу болгон. Милиция бул окуяны Жазык кодексинин 266-беренеси («Ээнбаштык») менен тергей баштаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты