COVID-19: 4 айдан берки эң көп учур бүгүн катталды

  • 3 года мурун

14-апрелге карата бир сутка ичинде COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны 240 адамды түздү.

Анын ичинен:

133 учуру Бишкекте, 85 Чүй, 10 Ысык-Көл, 5 Ош, 4 Талас, 2 Баткен, 1 учур Нарын облусунда катталган. Акыркы 4 айдан берки эң көп учур бүгүн катталды. Сутка ичинде ковидден 2 адам кайтыш болду. 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны жалпы Кыргызстан боюнча 90 839га жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты