Бишкектин айрым мектептери менен бала бакчалары газга өткөрүлөт
- 3 года мурун
Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы жалпыга билим берүү мекемелеринин от казандарын көмүрдөн газга өткөрүү ишин баштады.
Учурда № 12 – бала – бакчасынын, № 23, 35, 15, 54, 59, 32 — мектептердин, Майып балдарды кайра калыбына келтирүү борборунун жылытуу системасын газга өткөрүү боюнча тендер жарыяланды. Бул иштердин сметалык баасы 6 миллион 198 миң 875 сомду түзөт. Каражат шаардык бюджетте каралган.
Муну бөлүшүү