​Баткен облусунда 80 га жер тилкеси жеке менчикке мыйзамсыз берилген

  • 3 года мурун

Баткен облсунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагынан 80 га жайыт жердин жеке тараптарга турак жай куруу үчүн менчикке берилип кеткендиги аныкталды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган айыл өкмөтү тарабынан жайыт жер 615 тилкеге бөлүнүп, алардын көпчүлүгүнө жарандар тарабынан жерге карата менчик тууралуу мамлекеттик актылар дагы алынып калган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан айыл өкмөттүн чечимдерин жана жеке менчик тууралуу укук таануучу документтерди жокко чыгаруу боюнча Баткен облустук административдик сотуна доо арыздар киргизилди.

Жогорудагы факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып, бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Иддюстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты