Шайлоо 2021: ​Мектеп директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган

  • 3 года мурун

Биздин редакцияга Төмөнкү Ала-Арча айылынын айылдык кеңешине депутаттыгына талапкер ошол эле айылдын орто мектебинин директору Жетимишбаева Нурия окуучулардын Whats App группасына таратылган билдирүүлөрү келип түшкөн. ПолитКлиника медиасы бул билдирүүлөрдү текшерип көрдү.

“Мугалимдерди колдоп койгула”

Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылынын айылдык кеңешине депутаттыгына ошол эле айылдын орто мектебинин директору Жетимишбаева Нурия жана анын ошол эле мектепте мугалим болуп иштеген бир тууган эжеси Жетимишбаева Анаркүл айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон. Окуучулардын сабак өтүлүүчү онлайн группасына аларды шайлап койгула деген үгүттөөлөр мугалимдер тарабынан жөнөтүлгөн. Шайлоонун жыйынтыгында эң алдыңкы упайларды дал ошол аты талапкерлер алышкан.

Whats App’тагы “6-г класс ата-энелери” группасына “Урматтуу ата-энелер, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо биздин мугалимдерди колдоп коңуздар. Джетмишбаева Анара Аралбекова- орус тили жана адабият сабагынын мугалими. Орлова Людмила Алексеевна-башталгыч класстын мугалими”, — деген билдирүү таратылган.




















Бул администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга кирет

КРнын Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамдын 17-1-беренесинде Администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестиги тууралуу жазылган.

Администрациялык ресурсту кыянаттык менен пайдалануу — талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын же ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик катышуунун үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларынын үстүнөн, тигил же бул талапкерди, саясий партияны колдоонун саясий же башка формаларына айланып кетүүчү, адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстардын шайлоодо мыйзамсыз колдонулушу.

Аталган берененин 1-пунктунда талапкерди көрсөтүүдө баш ийүүдөгү же башка кызматтык көз карандылыкта болгон адамдарды, мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларды, билим берүү уюмдарынын жана саламаттык сактоонун мекемелеринин мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларын тартуу администрациялык абалды кыянаттык менен пайдалууга кирери жазылган.

Жыйынтык: Мектеп директору администрациялык ресурсту пайдаланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты