​БШК: Шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 43 кайрылуу келип түшкөн

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна саат 18:00гө карата 43 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирген.

Түшкөн арыздар административдик ресурс колдонуу, үгүт шарттарын бузуу, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларынын кызматкерлеринин аракеттерине даттануулар, шайлоо жараянынын катышуучуларынын укуктарын тепсөө, добуш сатып алуу, автоматташтырылган эсептөө системасынын жанында бейтааныш кишилердин жүрүшү, бюллетендерди сүрөткө тартуу, шайлоочуларды ташуу жана башка эреже бузуулар менен байланыштуу.

Эске салсак, бүгүн, 11-апрелде өлкө аймагында Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өтүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты